Эми Instagram тиркемесинде WhatsApp сыяктуу видео жана аудио чалуу пайда болот

© AFP / Josh Edelson Штаб-квартиры корпорации Facebook в Менло-Парк, штат Калифорния
Штаб-квартиры корпорации Facebook в Менло-Парк, штат Калифорния - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Android тиркемелери үчүн коддо үн жана видео чалууга байланышкан файлдар табылган

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Instagram фотосервисинде башка колдонуучулар менен байланышуу үчүн аудио жана видео чалуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун Techcrunch басылмасы жазып чыкты.

Айрым колдонуучулар Instagram тиркемесинин Android үчүн жаңыланган акыркы версиясында "чалуу" жана "видео чалуу" файлдары бар экенин байкашкан. Баракчадан башка колдонуучулар менен чалышып байланышуу болот деген имиштер январь айында тараган.

"Эми чалуу белгилери жалпыга жеткиликтүү файлдарда орун алды. Жаңы функциялар пайда болгону тууралуу жакында жарыялашат окшойт", — деп жазат аталган басылма.

Компания бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0