Кайсы тасма, актер жана актриса эң начар деп аталды. Тизме

© AP Photo / Evan Agostini / InvisionАктер Том Круз
Актер Том Круз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул анча ардактуу эмес номинацияга режиссер Тони Леондистин "Эмоджи муви" аттуу анимациялык тасмасы татыган.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. "Золотая малина" сыйлыгынын калыстар тобу өтүп кеткен 2017-жылдагы эң начар тасманы аныктады.

Бул анча ардактуу эмес номинацияга режиссер Тони Леондистин "Эмоджи муви" аттуу анимациялык тасмасы татыганын The Rolling Stone агенттиги жазып чыкты.

Невероятные! Видео танца кыргызстанцев набрало 140 млн просмотров - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык бийчилердин видеосу 140 миллион жолу көрүлдү
"Золотой глобус" сыйлыгынын ээси, Голлувуд актеру Том Круз болсо "Мумия" тасмасындагы аткарган ролу үчүн эң начар актер деп аталды. Ал эми эң начар актриса делип "Хэллоуин Мэдеи 2" тасмасында аялдын образын чагылдырган актриса Тайлер Перри аталды.

Өткөн жылдын эң начар актерлорунун арасына "Здравствуй, папа, Новый год!" тасмасындагы ролу үчүн Мэл Гибсон да кирген.

"Золотая малина" — 1981-жылы америкалык Жон Уилсон аттуу адам тарабынан ойлоп чыгарылган сыйлык. Анда эң начар актердук иш, сценарий, режиссура жана тасма үчүн желим малина тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0