Кытай аскерин күчөтүүгө дагы бир нече миллиард доллар жумшарын айтты

© REUTERS / CHINA DAILYПарад, посвященном 90-летию Народно-освободительной армии Китая
Парад, посвященном 90-летию Народно-освободительной армии Китая - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн аскердик бюджети дүйнөдө АКШдан кийин эле экинчи орунда турат

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кытайдын аскердик бюджети 2018-жылы 8,1 пайызга, 175 миллиард долларга өсөт. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме кылып билдирди.

Баллистическая ракета KN-08 Северной Кореи напоказе в Пхеньяне. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
АКШ баштаган үч мамлекет Түндүк Кореяны кантип ооздуктоону сүйлөштү
Кытайдын аскердик бюджети дүйнөдө АКШдан кийин эле экинчи орунда турат. Былтыр бул держава аскерий чыгымын 7 пайызга көбөйткөн. Бул мезгилди алар жети жыл ичиндеги эң төмөн өсүү темпи деп аташкан.

2017-жылы Кытайдын коргонуу бюджети 146 миллион долларды түзүп, 7,6 пайызга өскөн. 2015-жылы аскердик бюджет 135 миллиардга жетип, андан мурдагы мезгилге салыштырмалуу он пайызга жогорулаган. Акыркы жылдары Кытай бул тармакка кетүүчү каражатты улам көбөйтүп келе жаткандыгын байкоого болот.

Кадимки куралдан сырткары дүйнөнү өзөктүк курал маселеси учурда тынчсыздандырып турат. Негизинен өзөктүк куралдын саны азайганы менен аны жаңылоо уланууда. Бул туурасында Стокгольмдогу дүйнө көйгөйлөрүн иликтеген эл аралык университет жылдык отчетунда жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0