ЖМК: Ким Чен Ын АКШ менен тынчтык келишимине кол коюуга дилгир

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ким Чен Ын буга чейин Дональд Трамп менен жолугууга макул экени маалымдалган болчу

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ менен тынчтык келишимине кол коюп, дипломатиялык байланышты түзүүгө ынтызар экенин Түштүк Кореянын "Тона ильбо" басылмасы жогорку кызмат адамдарына таянуу менен билдирди.

Түндүк Кореянын лидери АКШ менен болгон мамилени жөнгө салууга кызыкдар экенин Түштүк Кореянын делегациясы менен Пхеньяндагы жолугушууда айткан.

Ким Чен Ын буга чейин Дональд Трамп менен жолугууга макул экени маалымдалган болчу. Расмий Вашингтон дагы макул экенин, качан жана кайсы жерде жолуга турганы кийин кошумча билдириле турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0