Окумуштуулар чылым чегүү менен тез жинденүүнүн байланышын аныкташты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТамеки чегип жаткан адам. Архив
Тамеки чегип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узак жылдарга согузган иликтөөгө Түндүк Финляндияда 1986-жылы туулган тогуз миң адам катышкан

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бир күндө ондон ашык чылым чеккен адамдар бул адаттан оолак кишилерге караганда психоз илдетине көбүрөөк учурайт. Бул тууралуу Финляндиянын илимдер академиясынын кызмакетри Юко Миеттунендин иликтөөсүнө таянып РИА Новости агенттиги жазды.

Узак жылдарга согузган иликтөөгө Түндүк Финляндияда 1986-жылы туулган тогуз миң адам катышып, алар 30 жашка чыккыча окумуштуулардын "көз алдында" болушкан.

"Чылымды көп чегүү келечекте адамдын психоз илдетине чалдыгышына алып келиши мүмкүн. Өзгөчө өспүрүм жана жаш кезде башталган тамеки тартуу кооптуу", — деп айтылат макалада.

Окумуштуулардын айтымында, дал ушундай эле кесепетке анаша чегүү дагы алып келет.

Буга чейин адистер организмге туздун кандай зыяны бар экенин аныкташкан. Анда туздуу тамак кан басымы жогору адамдар үчүн өзгөчө кооптуу экени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0