Жолтоо болгон "Жигулинин" багажын кесип салган киши талкууга түштү

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүБолгарка менен иштеп жаткан адам. Архив
Болгарка менен иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеонун каарманы "Жигулинин" айдоочусу машинасын такай ушундай токтоткондуктан бул кадамга барууга аргасыз болгонун айткан

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Көп кабаттуу үйдүн алдында туура эмес токтотулган автоунаадан улам машинасын токтото албай убара болгон кишинин видеосу соцтармакта тездик менен жайылууда.

​Тасмада киши сынып калган бамперин видеого тартып жатканы көрүнөт. Ушул эле учурда башка адам болгарка менен туура эмес токтотулган "Жигулинин" арткы бөлүгүн болгарка менен кесип жатканын байкоого болот.

Видеого тартып жаткан киши эмне үчүн мындай кылып жатканын сураганда:

— Бул дайыма ушундай токтотот. Мен кантип кирем?— деп жооп берген.

"Жигулинин" багажын болгарка менен кесип, өзүнүн машинасын токтоткон.

Бул көрүнүштүн видеосун 12 сааттын ичинде 11 миңден ашык киши Facebook баракчасынан бөлүшкөн.

Айрым колдонуучулар видеону атайылап тартышкан деген пикирлерин жазышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0