Окумуштуулар ар бир бала эненин бирден тишин "аларын" далилдешти

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүРабота клинической стоматологической поликлиники в Волгограде
Работа клинической стоматологической поликлиники в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орто эсеп менен үч бала төрөгөн аял төрт тишинен ажырайт

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Көп балалуу болуу аялдын тиштерине чындап эле терс таасирин тийгизерин Германиянын Гейдельберг университетинин окумуштуулары иликтеп чыкты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Мындай чечимге келүү үчүн илимпоздор бир нече жыл бою жашы улгайып калган 120 миң аял-эркектин ден соолугун көзөмөлгө алышкан.

"Аялдардын ден соолугундагы башка факторлорду кошуп эсептеп көргөндө көп балалуу энелердин жок эле дегенде 4-5 тиши жок экени белгилүү болгон. Орто эсеп менен үч бала төрөгөн аял төрт тишинен ажырайт. Ошондой эле төрөттүн энелердин сөөктөрүнө дагы зыяндуу", — деп айтылат макалада.

Ошентип окумуштуулар эл арасында айтылган "бир бала бир тишти алат" деген кептин чындыгы бар экенин далилдешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0