Буту ашкере узун кыз Instagram жылдызына айланды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүФинал конкурса "Мисс Москва-2017"
Финал конкурса Мисс Москва-2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын баракчасына 140 миң адам жазылган

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Швециялык модель Ия Остергрен узун буттарынын шарапаты менен интернет айдыңында атактуу адамга айланды.

Публикация от @iostergren Фев 3, 2018 в 9:48 PST

Кыздын бою 178 сантиметр болсо, ал эми буттарынын узундугу 108 сантиметр экен. Модель кыз өспүрүм кезинде олдоксон жана сулуу эмес болгондугу айтылат.

Публикация от @iostergren Янв 21, 2018 в 10:43 PST

Ия Остергрен эки баласын төрөгөндөн кийин спорт менен алектенип, бой-келбетин, дене сымбатын ийине келтирген.

Бул жаатта ага бодибилдер күйөөсү Торбьерн Остергрен жардам берген.

Публикация от @iostergren Фев 16, 2018 в 7:29 PST

Моделдин Instagram баракчасына 140 миң адам жазылган. Узун буттуу кызга суктанып, пикирлерин жазгандар да арбын. Кызыгы, алар моделден сүрөттөрүн дагы жүктөөнү суранышкан.

Буга чейин асмандан түшкөндөй өзгөчө 11 кыздын сүрөтү жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0