Теринин кереги жок! Versace мода үчүн жаныбарларды өлтүрүүдөн баш тартты

© AFP / MIGUEL MEDINAИталиялык белгилүү Versace мода үйүнүн ээси Донателла Версаче. Архив
Италиялык белгилүү Versace мода үйүнүн ээси Донателла Версаче. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Versace табигый тери керектеле турган коллекцияларына эми жасалма кездемелерди гана пайдалана турганын баса белгилеген.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Италиялык белгилүү Versace мода үйү коллекцияларын жасоого эми табигый тери колдонбой турган болду. Бул тууралуу мода үйүнүн ээси Донателла Версаче кабарлаганын РИА Новости жазып чыкты.

"Бизге табигый теринин кереги жок. Мода жаратуу үчүн жаныбарларды өлтүргүм келбейт. Көрсө бул туура эмес экен", — деп жазылат маалыматта.

Ал мындай оюн социалдык тармактагы баракчасына да билдирген.

​Versace табигый тери керектеле турган коллекцияларына эми жасалма кездемелерди гана пайдалана турганын баса белгилеген.

Эске салсак, акыркы жылдары дүйнөлүк белгилүү бренддер табигый терини колдонуудан баш тартууда. Буга чейин мындай чечимди Armani, Calvin Klein, Hugo Boss, Ralph Lauren, Gucci, Michael Kors жана Jimmy Choo сыяктуу мода үйлөрү кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0