Антарктидада канаттуулар окумуштууларды тоноп кетип жатышат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАрктическая экспедиция "Кара-зима 2015"
Арктическая экспедиция Кара-зима 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түбөлүк муз каптаган жайга жаңы келген адамзатты жергиликтүү канаттуулар менен пингивиндер байкоого алып турушары маалым болгон

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Антарктидада канаттуулар латвиялык окумуштууларды тоноп кетип, техникасыз калтырышты. Бул тууралуу Sputnik Латвия жазды.

Антарктидага латвиялык окумуштуулар бир ай мурда аймактагы муздун калыңдыгы менен ички түзүмүн иликтөө үчүн барган. Алар учурда Антарктиданын муздарында өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын билүү боюнча жасалып жаткан эмгектерге салымын кошууга аракет кылып жүрүшкөндүгүн айтышкан.

Антарктида. Архив - Sputnik Кыргызстан
НАСА: Арктикадагы муздар болуп көрбөгөндөй азайып бара жатат
Түбөлүк муз каптаган жайга жаңы келген адамзатты жергиликтүү канаттуулар менен пингивиндер байкоого алып турушарын экспедиция мүчөлөрү айтып беришкен. Окумуштуулардын башын өзгөчө ооруткан чардактардын бир түрү болгон, узун куйруктуу канаттуулар экен. Алар адистердин техникаларын биринчи жерден экинчи жерге тиштеп кетип таштап коёорун, кээде таптакыр эле алып кетип калышаарын айтып беришкен. Мындай учурда албетте, алардын муздарды изилдөө иши үзгүлтүккө учурап каларын кошумчалашкан.

Буга чейин Жаңы Зеландияда пингвиндин адам менен аралашып, үй жаныбарлары сыяктуу ээн-эркин жүргөн видео чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0