Дүйнөдөгү эң кымбат момпосуй жасалды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүПразднование масленицы в Суздале
Празднование масленицы в Суздале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө жасалган момпосуйлар Бириккен Араб Эмирлигине, Анголага, Аргентинага жана Россияга жөнөтүлгөн

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Португалияда шоколад боюнча өткөн эл аралык фестивалда дүйнөдөгү эң кымбат момпосуй жасалганын The Portugal News басылмасы билдирди.

Оңой жана даамдуу: таңдайды такылдаткан чак-чак кантип жасалат. Видеорецепт - Sputnik Кыргызстан
Оңой жана даамдуу: таңдайды такылдаткан чак-чак кантип жасалат. Видеорецепт
Момпосуйдун баасы 7 728 евро турат. Аны жасоодо шафран жип, ак трюфель, мадагаскар ванили жана сырдуу ингредиент колдонулган. Ошондой эле анын сырты 23 карат алтын менен капталган.

The Portugal News басылмасынын жазышынча, Даниэль Гомеш момпосуйду жасоо үчүн бир жыл убакыт короткон. Гомеш мындай шоколаддан болгону 1000 даана гана жасап, аны сапаттуу жыгачтан жасалып, сырты Swarovski кристаллдары менен кооздолгон кутуга салган.

Өзгөчө жасалган момпосуйлар Бириккен Араб Эмирлигине, Анголага, Аргентинага жана Россияга жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0