АКШда табылган эки баштуу жылан көпчүлүктү таң калдырды

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүПтенцы страусов эму и детеныши парагвайской анаконды в Ленинградском зоопарке
Птенцы страусов эму и детеныши парагвайской анаконды в Ленинградском зоопарке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда жыландын эки башы эле эмес, эки жүрөгү жана эки ашказаны бар экени аныкталган.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. АКШнын Флорида штатында жергиликтүү фермер эки баштуу жыланды таап алганын National Geographic журналы жазды.

Фермер жыланды ветеринарга алып келген. Аны текшерүү учурунда эки баш эле эмес, эки жүрөгү жана эки ашказаны бар экени аныкталган. Мындай нерсе жаратылышта өтө сейрек кездешет. Адистердин айтымында, эки башка сиңирүү системасы болгон жандыктар көпкө жашай албайт.

"Кошулуп туулган жыландар көпкө жашай албайт, анткени алар курсагын тойгузууда жетиштүү тамак таба алышпайт. Бирок бул жыландар жаратылышта өтө эле сейрек кездешет", — дейт ветеринар Лора Тилен.

Буга чейин голландиялык балыкчылар эки баштуу, үч көздүү дельфинди кармашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0