Россиядагы президенттик шайлоодо Путин алдыга чыкты. БШКнын алдын ала жыйынтыгы

© Sputnik / Кира Новикова / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин добуш берүү учурунда
Россиянын президенти Владимир Путин добуш берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоого жалпысынан сегиз талапкер катышкан

БИШКЕК, 20 мар — Sputnik. Россиянын борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала берген маалыматына ылайык, учурда президент Владимир Путин алдыга чыкты.

Путин шайлоочулардын 72,08 пайыз добушун алды. Мындай көрсөткүчтөр шайлоо участкаларындагы протоколдордун 21,91 пайызынын жыйынтыгы менен чыккан.

Бишкекте РФ президентин шайлайм деп келгендер 300-400 метрлик кезекке турушту - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте РФ президентин шайлайм деп келгендер 300-400 метрлик кезекке турушту
Экинчи орунда 15,80 пайыз добуш менен Павел Грудинин келе жатат, үчүнчү орунда 6,94 пайыз менен Владимир Жириновский ээледи.

Жогоруда белгиленген пайыздык көрсөткүчтөр автоматташтырылган системадан түшкөн протоколдордон улам өзгөрүп турат.

Экзит-поллдун алгачкы маалыматтары боюнча да Владимир Путин алдыды.

Ал эми "Коомдук пикир" фондунун маалыматы боюнча учурдагы президент Владимир Путинге шайлоочулардын 76,3 пайызы добуш берген, экинчи орунда 11,9 пайыз менен Павел Грудинин, үчүнчү орунда Владимир Жириновский. Ал шайлоочулардын алты пайыз добушун алган.

Бүткүл россиялык коомдук пикирди үйрөнүү борборунун маалыматына ылайык, Путинге жарандардын 73,9 пайызы, Грудининге 11,2 пайыз, Жириновскийге 6,7 пайыз добуш беришкен.

Бардык шайлоо учаскалары Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 12:00дө жабылды.

Президенттикке сегиз киши талапкер болгон. Алар: Сергей Бабурин, Павел Грудинин, Владимир Жириновский, Владимир Путин (азыркы президент), Ксения Собчак, Максим Сурайкин, Борис Титов жана Григорий Явлинский. 

Жаңылыктар түрмөгү
0