АКШнын жараны жоготуп алган мышыгын 14 жылдан кийин таап алды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДарактагы мышык. Архив
Дарактагы мышык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жерге келгенден бир нече күн өткөндөн кийин эле мышык үйдөн качып кеткен

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. АКШда жоголуп кеткен Томас деген мышык 14 жылдан кийин ээсин тапты. Бул тууралуу "Известие" басылмасы USA Today агенттигине шилтеме берип жазып чыкты.

Мышык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Киевдеги аэропортто мышыктын айынан чуу чыкты
Мышыктын ээси Перри Мартин катуу бороондун кесепетинен башка шаардагы досунун үйүнө көчүүгө аргасыз болгон. Жаңы жерге келгенден бир нече күн өткөндөн кийин эле мышык үйдөн качып кеткен. Мартин сүйүктүү жаныбары жоголгону тууралуу жарыя берген бирок мышыктын мойнунда ээси тууралуу маалымат камтылган чипке карабастан жыйынтык болгон эмес. Мындан улам Мартин мышыгы өлүп калган болсо керек деп үмүтүн үзгөн.

Мартин дагы бир нече жерге көчүп, кийин өзүнүн шаарына кайткан. Март айынын башында мышыкты багып алган ветеринар аны карап жатып терисине тигилген чипти таап алган. Жаныбардын жаңы ээси Мартинге чалып анын мышыгы тирүү экенин кабарлап кубандырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0