Кытай: байыркы көрүстөндөрдү тинтип, ичиндегилерди уурдап жүргөн киши кармалды

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүПрезентация клада XVII века, найденного в Москве
Презентация клада XVII века, найденного в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган аймактан алтын, күмүш жана коло артефактылар казылып, уурдалгандагы боюнча маалымат жайылгандан бери бул жерге көз арткандардын аягы тыйылбай келет.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кытайдагы Цинхай провинциясынын полициясы байыркы көрүстөндөрдү казып, ичиндегилерди уурдап жүргөн деп шектелген 13 кишини кармады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Кладбище деревни Шалта - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда күмбөз үстүнөн сүрөткө түшкөн немис туристтери элдин каарына калды
Алар өткөн жекшембиде Хайси-Монгол-Тибет автономдуу округундагы Дулан уездинде кармалган. Көр казгычтар тарыхый көрүстөндөрдү тинтип, уратып, андан 400 баалуу артефактыларды алып чыгышкан. Бул жайлардын VII жана VIII кылымга таандык экендиги маалымдалган.

Дулан уездинде Тан (618-907-жылдар) династиясынын дооруна таандык эки миңге жакын көмүлгөн жайлар катталган. 1982-жылы аталган аймактан алтын, күмүш жана коло артефактылар казылып, уурдалгандыгы боюнча маалымат жайылгандан бери бул жерге көз арткандардын аягы тыйылбай келет.

Буга чейин Египеттин Луксор шаарында 3500 жыл болгон эки күмбөз табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0