АКШ Мексикадан бөлүп турган дубалды курууга 1,6 млн. доллар бөлмөкчү

© AFP / JIM WATSONАКШ жана Мексиканын чек арасына курулуп жаткан дубал. Архив
АКШ жана Мексиканын чек арасына курулуп жаткан дубал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сумма башында администрация конгрессчилерден сураган 25 миллиард доллардан алда канча аз

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. АКШнын конгресси Мексика менен болгон чек арага дубал тургузууга 1,6 млн. доллар бөлүүгө макул болду. Бул туурасында РИА Новости коомчулукка жарыяланган бюджет долбооруна таянып кабарлады.

Визит президента РФ В. Путина в Турцию - Sputnik Кыргызстан
Венесуэланын президенти Мадуро Мексиканы банкрот-мамлекет деп атады
Бул сумма башында администрация конгрессчилерден сураган 25 миллиард доллардан алда канча аз. Анткен менен мындай кадамга каршы турган демократтар бюджетти бекитип жатканда жеңилип калган.

Республикачылар бул акчага азыркы анча бийик эмес тосмолорду алмаштыра турган 90 миль (144 чакырым) жерге дубал курулат деп ишендирүүдө. Демократтар бул каражаттын бардыгы бетон дубалды тургузууга кетпей тургандыгын айтышкан.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп шайлоо алдында эгер президент болуп калса Мексика менен чек арага дубал курарын, дубал мыйзамсыз миграция менен кылмыштуулукту азайтарын айткан.

Бирок бул маалымат тарагандан кийин ал дүйнө коомчулугунда ар кандай пикирлерди жараткан. Ирандын президенти Хасан Роухани азыр дубал менен калкаланчу учур эместигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0