Учкуч учактын өчүп калган моторун жерге аз калганда от алдырып кетти. Видео

Жазылуу
Америкалык учкуч Чад Барбер жерди көздөй кулап бараткан учакты акыркы секунддарда гана куткарып кетти. Окуянын видеосун ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Якутияда учуп бараткан учактан алтын түшүп, полиция элди текшерүүдө
The Daily Mail басылмасынын жазышынча, Барбер кыйчалыш учурга Pitts Plane бипланы менен Флоридада учуп жүргөндө кабылган.

Видеодо учкуч учакты асманга тик айдаган учурда мотору өчүп калып, тездик менен төмөн кулаган. Бактыга жараша учак жерге урунарга саналуу мүнөттөр калганда мотор от алып кеткен. Барбер сүйүнгөнүнөн кыйкырып, андан ары учкан.

"Мунун баары мен майды көп короткондон улам болду. Кыймылдаткычка керектүү деңгээлде май барбай калган", — деген пикирин билдирген.

Барбер өзүн жоготпой абалдан чыгуунун жолун ойлоп, учакты ылайыктуу жерге кондуруу үчүн аракет кылганы үчүн гана аман калганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0