Австралияда 150дөн ашык дельфин жээкке чыгып калды. Жүрөк өйүгөн видео

© AP Photo / MAVIS BURGESSОкеан жээгиндеги дельфиндердин өлүктөрү. Архив
Океан жээгиндеги дельфиндердин өлүктөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаныбарлардын болгону 15тейи гана тирүү

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Австралиянын түштүк-батышында жайгашкан Хэмелин булуңунда 150дөн ашык кара дельфиндер жээкке чыгып калганын News.com.ua басылмасы билдирди.

Снимок с социальной сети twitter пользователя Daniel Moore‏. Двухголовый дельфин - Sputnik Кыргызстан
Сейрек кездешкен сүрөт! Балыкчылар эки баштуу дельфин кармап алышты
Ага ылайык, деңиз жаныбарларын жума күнү эртең менен Огаста шаарынан анча алыс эмес жерден табышкан. Алардын дээрлик көбү өлүп, болгону 15тейи гана тирүү калган.

Жаратылышты коргоо кызматы катуу шамал менен жаан болсо дельфиндерди деңизге коё берүү жеңил болорун айтышууда.

Шаар бийлиги өлгөн дельфиндер жээкке акулалардын агылып келишин шарттай турганын элге эскертти.

Ушундай эле көңүл ооруткан окуя былтыр Жаңы Зеландияда да катталган. Анда жээкке 400дөй кара дельфин чыгып калып, 200дөйү гана куткарылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0