Кемерово шаарындагы соода борборунан өрт чыккан

Кемероводогу өрттө сигнализацияны өчүрүп салган кароолчу кармалды

1385
(жаңыланган 12:06 27.03.2018)
Кароолчу жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кемерово шаарындагы соода борборунан өрт чыккан маалда сигнализацияны өчүрүп койгон кароолчу кармалгандыгын РИА Новости агенттиги жазды.

Төргөө комитетинин өкүлү Светлана Петренконун айтымында, шектүү катары беш адам кармалып, сурак беришти. Алардын арасында жеке күзөт ишканасынын кызматкери дагы бар.

Тергөөчүлөр имаратка ээлик кылган компаниянын техникалык директорун, өрт чыккан имаратты ижарага алып иштетип жаткандарды жана өрт сигнализациясына жооп берген мекеменин жетекчиси менен кызматкерин суракка алды.

РИА Новости агенттигине укук боюнча адис Алексей Синицындин билдиргенине караганда, сигнализацияны өчүрүп койгон кароолчу кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

"Кароолчуга Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 219-беренеси (өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу) боюнча кылмыш иши козголушу ыктымал. Бул өтө оор кылмыш, адам жети жылга чейини эркинен ажыратылат", — деди адис.

Россиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" деп аталган ири соода борборунда жекшемби күнү өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинде балдарды жана чоңдорду кошкондо 64 адам каза болду. Дагы 13 адам ооруканага жаткырылды.

Кийинчерээк Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өрт чыккан жерде кыргызстандыктар жабыр тартпаганын билдирген.

Кемероводо чыккан өрт Россияда акыркы 19 жыл ичинде катталган ири төрт өрттүн бири болуп эсептелет. Эске салсак, 1999-жылы Самара шаарындагы милиция бөлүмүндө чыккан тилсиз жоодо 57 адам каза тапкан. 2007-жылы Краснодар аймыгандыга карылар үйүндөгү кырсыкта 63 адам, 2009-жылы Пермдеги "Хромая лошадь" түнкү клубунда 153 адам өлгөн.

1385
Белгилер:
тергөө, кароо, Кемерово
Тема:
Кемерово шаарындагы соода-комплексиндеги өрт (20)
Тема боюнча
Кемероводогу каргаша. Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге көңүл айтты
Кемероводогу өрттөн жапа чеккендер арасында КР жарандарынын бар-жогу такталды
Кемероводогу соода борборундагы өрттөн каза тапкандардын саны 37ге жетти
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга барды

147
(жаңыланган 14:26 22.10.2020)
Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 22-октябрда, Россия Федерациясына барды. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Буга чейин Казакбаев Россияга эки күндүк иш сапары менен барары айтылган болчу

147
Белгилер:
Сергей Лавров, жолугушуу, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
Рим папасы Франциск. Архив

Рим папасы Франциск бир жыныстуу никени мыйзамдаштырып берүүгө чакырууда

97
(жаңыланган 12:39 22.10.2020)
Дин өкүлүнүн айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Демек, бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу керек.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Рим папасы Франциск бир жыныстагы адамдарга мыйзамдуу түрдө никеге турууга уруксат берүү керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазды.

Анын айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Андыктан бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу зарыл.

"Бул үчүн бир дагы адам коомдон куулуп же бактысыз болбошу керек. Биз бул дүйнөгө душмандашуу үчүн эмес, үй-бүлөлүү болуу үчүн келгенбиз", — деди Рим папасы.

Эске салсак, ал башынан эле бир жыныстагы адамдардын баш кошуусун колдоп келет.

97
Белгилер:
мыйзам, нике, үй-бүлө, Рим папасы Франциск
Тема боюнча
Рим папасы төшөк кумары тууралуу оюн билдирип, аны башкача баалады
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив

Мурдагы тышкы иштер министри Айдарбеков президенттин кеңешчиси болду

10
(жаңыланган 18:46 22.10.2020)
Президенттик аппараттан билдиришкендей, бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

"Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишкен натыйжаларын эске алуу менен кабыл алынды", — дешти аппараттан.

Ошондой эле бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналары белгиленди.

10
Белгилер:
кеңешчи, президент, Чыңгыз Айдарбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды