Афганистан президенти өлкөсүндө канча террорчу бар экендигин айтты

© AFP / NOORULLAH SHIRZADAЗадержанные боевики "Талибана" в Джелалабад
Задержанные боевики Талибана в Джелалабад - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анткен менен Ашраф Гани террорчулук кооптуулугуна ийиндеше каршы туруу зарылдыгын баса белгиледи

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Афганистанда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлеринин саны 2000ден ашпайт. Бул туурасында Афганистан президенти Ашраф Гани Ташкентте өтүп жаткан эл аралык конференцияда билдиргенин РИА Новости жазды.

"Ислам мамлекети" террордук уюму биздин мамлекетке канчалык тарап кеткени туурасында ар кандай пикирлер айтылып келет. Алардын Афганистандагы саны эки миңге жетпейт. Биздин куралдуу күчтөрүбүздүн аларга алы жетет", — деди Ашраф Гани.

Президент анткен менен бул кооптуулукка ийиндеше каршы туруу зарылдыгын баса белгиледи.

Эске салсак, Өзбекстандын борбору Ташкент калаасында Афганистандагы абалды талкуулоо боюнча эл аралык конференция өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0