Кемерово облусунун вице-губернатору Сергей Цивилев

Кемеровонун вице-губернатору элден тизелеп кечирим сурады. Видео

1855
(жаңыланган 17:33 27.03.2018)
Кырсык 100 жылдын ичиндеги төрт ири каргашанын катарын толуктады

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кемерово облусунун вице-губернатору Сергей Цивилев митингге чыккан элдин алдында тизелеп кечирим сураганын РИА Новости жазды.

​"Зимняя вишня" деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда жекшемби күнү өрт чыгып, очогу бир нече кинозал менен балдар аянтчалары иштеген жогорку кабатта жайгашканы айтылган. Расмий маалымат боюнча өрттөн 64 адам каза тапса, анын 41и — балдар

​Бүгүн эртең менен Кемеровонун жашоочулары борбордук аянтка митингге чыгып, каза тапкандардын санын так айтууну талап кылган.

Элге чыккан Цивилев микрофондордун өчкөнүнө карабай тизелеп туруп кечирим сурап, айыпкер киши илгертеден тизелеп күнөөсүн мойнуна алып келгенин айткан.

Аткаминердин бул кадамын эл кол чаап кубаттаган.

Буга чейин Россиянын тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастыркин өрттүн болжолдуу себептерин атаган.

1855
Белгилер:
митинг, кечирим, Кемерово
Тема:
Кемерово шаарындагы соода-комплексиндеги өрт (20)
Тема боюнча
РФтин Тергөө комитети Кемероводогу өрттүн болжолдуу себептерин айтты
ЖМК: Кемероводогу өрттөн 41 бала каза болду
Кайдан деп болобу... Кемероводогу каргаша Кыргызстанда кайталанбайбы?
Карабахтагы Мартуни шаары чырдан кийинки абалы

Карабах чыры: Түркия Азербайжанга жан үрөсө, РФ эч кимди кийлигишпөөгө чакырды

7
(жаңыланган 19:49 28.09.2020)
27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Бүгүн жүздөгөн аскерлердин көз жумганы айтылды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган Карабахтагы кагылышуу боюнча пикирин айтып жатып, Армения Азербайжандын жерин оккупациялоо аракетин токтотушу керек деген оюн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

"Армения баскынчылыгын токтотушу зарыл, антпесе ал жерде өз билгенин кыла берет. Талашта турган аймак Азербайжанга караштуу экенин баары билет”, — деди Эрдоган.
Ошондой эле Түркия лидери Карабах көйгөйүн Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында 30 жылдан бери чече албай жатат деп айыптады.

Ал эми РФтин Федералдык жыйынынын Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко дүйнөдөгү башка күчтөрдү Карабахтагы конфликтиге кийлигишпөөгө чакырды

“Болуп жаткан тирешке башка тараптардын кийлигишпөөсүн суранат элек. Андан көрө курал колдонууну токтотуп, маселени ЕККУнун Минск кеңешмесинин алкагында чечүүгө үндөйлү”, — деди Матвиенко.

Бул учурда Армения менен Азербайжандын ЖМКлары эки тараптан жасалган чабуулдарды чагылдырып, сүрөт, видеолорду байма-бай жарыялап жатышат.

Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения кечээ өз аймагында аскердик абал жарыялаган. Баку алардын аскерлерине жана бир нече айылга Ереван тараптан миномёттор менен аткылоо болгонун айтып чыккан. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылган.

Баку менен Ереван Карабахтагы кагылышууда жүздөгөн аскер каза болгонун билдирди

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркия Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.

7
Белгилер:
пикир, кагылышуу, Азербайжан, Түркия, Армения
Тема боюнча
Путин менен Пашинян Тоолуу Карабахтагы абалды талкуулашты
Азербайжан менен Армения Карабах боюнча кепке келүүгө даярдыгын билдиришти
Карабах боюнча сүйлөшүүлөр жакында башталышы мүмкүн
Кыргызстандын Россиядагы элчилигин имараты. Архив

Элчилик: компания көпүрө урап жабыркаган КР жарандарынын бүт чыгымын төлөйт

32
(жаңыланган 18:49 28.09.2020)
Кырсык маалында жумушта болгон 160 кыргызстандыктын 51и жабыркаган. Учурда 29 мекендеш ооруканада жатат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Москва облусунда жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, жаракат алган кыргызстандыктарга компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматта элчиликтин кызматкерлери ФМ LOGISTIC ишканасынын жетекчилери менен жолугуп, мекендештерге материалдык колдоо боюнча макулдашылганы айтылат.

51 кыргызстандык жабыркаган Москвадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

Кырсык маалында 160 кыргызстандык жумушта болгон, анын 51и жабыркаган. Бүгүн айрымдары үйүнө чыгып, учурда 29 мекендеш ооруканада жатат. Тилекке каршы, бешөөнүн абалы оор, алардын бири 16 жаштагы өспүрүм.

"Кырсыктан жабыркаган бардык КР жарандарына камсыздандыруу компаниясы медициналык чыгымдарын жана реабилитацияга кеткен каражатты төлөйт. Кырсык болгон күнү жумушка чыккан 160 мекендешке ФМ LOGISTIC компаниясы 50 миң рублден кенемте берет. Ошондой эле оор абалдагылардын жакындары келем десе учакка билет алып берүүгө даяр. Бардык макулдашуулар компаниянын кепилдик катына жазып алынды. Элчилик кыргызстандыктардын укугун коргоо багытындагы иштерди мындан ары да улантат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, кыргыз жарандары жабыркаган. Каза болгондор катталган эмес.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бейтаптардан кабар алып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Элчилик Россиянын Тергөө комитетине, Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартууну сурап атайын каттарды жибергени кабарланды. Бул маселени кыргыз өкмөтү жеке көзөмөлүнө алды.

32
Тема боюнча
Акыйкатчы кырсыктаган кыргызстандыктар боюнча россиялык кесиптешине кат жазды
Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды