Япония Ким Чен Ындын сапары боюнча Кытайдан жооп күтүп жатат

© REUTERS / CCTV via ReutersТүндүк Корея лидеринин Пекинде Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда
Түндүк Корея лидеринин Пекинде Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапар боюнча Кытайдан кең-кесири маалымат жана жооп алгыбыз келип жатат деген Күн чыгыш өлкөсүнүн өкмөт башчысы

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Япониянын премьери Синдзо Абэ Токио Түндүк Корея лидеринин Пекинге барганына абдан кызыгып жаткандыгын жана Кытайдан бул боюнча түшүндүрмө күтүп жатканын билдирген. Бул туурасында РИА Новости Киодо агенттигине шилтеме кылып жазды.

"Биз буга абдан кызыгып, маалыматтарды топтоп, аны анализдеп жатабыз. Сапар боюнча Кытайдан кең-кесири жооп алгыбыз келип жатат", — деген күн чыгыш өлкөсүнүн өкмөт башчысы.

25-27-мартта Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын аялы менен Кытайга келип кеткен. Бул маалымат ал түшкөн өкмөттүк поезд Пекинден чыгып кеткенден кийин тараган. Буга чейин Кытай АКШ президенти Дональд Трампка аталган сапар боюнча түшүндүрмө жөнөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0