Россиядагы диндер аралык кеңеш бийликти ваххабиттерге тыюу салууга чакырды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСитуация в сирийском городе Алеппо
Ситуация в сирийском городе Алеппо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыюу салуу боюнча сунуш аталган кеңештин жыйынтык резолюциясында кабыл алынган

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Россиядагы диндер аралык кеңеши федералдык бийликтен өлкөнүн аймагында ваххабиттик уюмдарга тыюу салууга чакырык жасады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Алар жогорудагыдай уюмдардын идеологиясын террорчулук катары сындоо керектигин айтышкан.

"Россиядагы диндер аралык кеңеш Россия Федерациясынын мамлекеттик бийлигине ваххабиттик уюмдардын идеологиясын террорчулук катары таанып, анын ниетин жайылткан уюмдарды террордук уюм катары кароону сунуштады", — деп айтылат Москва патриархатынын коомчулук, ЖМК жана чиркөөлөр менен өз ара иш алып баруу бөлүмү.

Мындай сунуш аталган кеңештин жыйынтык резолюциясында кабыл алынган.

Буга чейин мындай сунушту Россиядагы бир катар мусулман лидерлери киргизген. 2016-жылы Грозный фатфасы кабыл алынып, аны Чеченстандын, Дагестандын, Татарстандын муфтияттары, Түндүк Кавказ менен мусулмандардын борбордук башкармалыгы колдоп чыккан. Документтин текстинде "бул Россиянын муфтийлери менен окумуштуулары тарабынан кабыл алынган чечим жана Россиянын аймагындагы бардык мусулмандар айныксыз аткарышы шарт" деп жазылган. Ал чыныгы исламдын жолдоочуларын сектадан, тагыраагы Араб жарым аралында XVIII кылымда түптөлгөн ваххабитчиликтен оолактатат деп айтылган.

Праздник Ураза-Байрам в Казани - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар диний билимди кайдан алышат. Сандар сүйлөйт
Маалыматта сунуштун баштапкы вариантында бир катар мусулман уюмдары колдобогонун, тагыраагы Россиянын Муфтийлер кеңеши аны толуктап, иштеп чыгууга чакырган.

Ваххабитчилик — мусулмандарды жактырбаган, исламдын башка багыттарын карманган радикалдык кыймыл. Чеченстанда бул кыймылдын ишине 2000-жылдан тарта эле тыюу салынган.

Диндер аралык кеңеш 1998-жылы түзүлгөн. Учурда Россиядагы салттык төрт конфессияны — православ, ислам, иудаизм менен буддизм өкүлдөрүнүн башын бириктирет. Кеңештин төрагасы — Москва менен бүткүл Россиянын патриархы Кирилл.

Буга чейинки материалда Саентология агымы Кыргызстанда качан пайда болгондугу тууралуу айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0