Кемероводогу өрттөн каза тапкандардын санын бурмалаган пранкерге өкүм чыкты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАкции в память о погибших при пожаре в ТЦ "Зимняя вишня"
Акции в память о погибших при пожаре в ТЦ Зимняя вишня - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү бийлик кырсыктан набыт болгондордун саны расмий айтылгандан ашпай тургандыгын айтууда

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Москванын Басман соту Кемероводогу өрттөн каза тапкандардын саны тууралуу имиштерди тараткан украиналык блогерди камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Камакка алуу боюнча санкцияны Россиянын Тергөө комитети талап кылды.

Интернетте Евгений Вольнов деген ысым менен таанылган пранкер, Украинанын жараны Никита Кувиковго РФтин Кылмыш Кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Заседание суда по делу о пожаре в ТЦ «Зимняя вишня» в Кемерове - Sputnik Кыргызстан
Кемероводогу өрттөнгөн соода үйүнүн администратору камакка алынды
Тергөөдөгү маалыматтарга караганда пранкер "жабыркагандардын башын айлантып, Кемероводогу өрттүн курмандыктары тууралуу туура эмес маалыматтарды эл арасына тараткан. Мунусу менен абалды туруксуздаштырууга аракет жасаган" деп айтылат.

Пранкер учурган өрдөктөрдөн кийин федералдык жана аймактык бийликке, Россиянын президенти Владимир Путинге "жүздөгөн курмандыктар" болгон эместигин бир нече ирет төгүндөөгө туура келген.

Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда жекшемби күнү өрт чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен 64 адам көз жумса, алардын 41и балдар болуп чыкты. Өрт кантип башталганы видео байкоого түшүп калган.

28-март Россия аймагында аза күтүү күнү деп жарыяланды. Маркумдардын сөөгү кечээтен тарта жерге бериле баштады.

Кемероводогу Заводский райондук соту өрткө кабылган "Зимняя вишня" соода борборунун администратору Надежда Судденкону камакка алды.

Бул трагедия 100 жылдан берки Россиядагы эң чоң төрт өрт кырсыктын бири катары эсептелүүдө. 1999-жылы Самарада Ички иштер башкармалыгында тилсиз жоо 57 өмүрдү алып кеткен. 2007-жылы Краснодар аймагындагы карылар үйүндө чыккан өрттөн 63 киши каза тапкан. 2009-жылы Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" клубунда чыккан өрттөн 153 адам өмүрү менен коштошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0