Венесуэлада абактан өрт чыгып, 68 адам каза болду

© REUTERS / Carlos Garcia RawlinsПожар в Венесуэле
Пожар в Венесуэле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ЖМКлар бейрасмий маалыматтарга таянып, 78 адамдын өлгөнүн жазып жатышкан

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Венесуэлада абактан өрт чыгып, анын кесепетинен 68 адам каза болгондугун аталган мамлекеттин башкы прокурору Тарек Уильям Саабга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Карабобо штатында жайгашкан түрмөдө өрт чыгып, анда 68 адам каза тапты. Каргашалуу окуянын чоо-жайын тактап, тыкыр иликтөө жүргүзүү үчүн жеринде төрт прокурор иштеп жатат", — деп жазды Сааб өзүнүн Twitter тармагындагы баракчасына.

Буга чейин ЖМКлар бейрасмий маалыматтарга таянып, 78 адамдын өлгөнүн жазып жатышкан.

Белгилей кетсек, өткөн жекшемби күнү Россияда дагы 64 адамдын өмүрүн алган өрт чыккан. Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда болгон кырсыкта жаш балдар дагы каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0