Сауд Аравиясынын канзаадасы Иран менен согуш чыгышы мүмкүндүгүн айтты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүСауд Аравиясынын канзаадасы Мухаммед бен Салман аль-Сауд. Архив
Сауд Аравиясынын канзаадасы Мухаммед бен Салман аль-Сауд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канзаада эл аралык коомчулукту Тегеранга каршы катуу санкцияларды кабыл алууга чакырды

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Сауд Аравиясынын канзаадасы Мухаммед бен Салман аль-Сауд 10-15-жылдан кийин Иран менен куралдуу конфликт болушу мүмкүндүгүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Ал Wall Street Journal басылмасына берген маегинде аймакта согуш болуп кетпеши үчүн эл аралык коомчулукту Тегеранга каршы катуу санкцияларды кабыл алууга чакырган.

Ирактын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ирак: террорчулар буктурмага кабылган полициянын сегиз өкүлүн атып салды
Эр-Рияд Йемендеги "Ансар Алла" шиит кыймылынан чыккан хуситтер менен өкмөттүк аскерлердин 2014-жылдан берки кагылышуусуна Тегеран курал-жарак жеткирип жатат деп айыптап келет.

Бийликти Эр-Рияд башында турган араб коалициясы асмандан жана жердеги аскер менен колдоп келет. Хуситтер буга жооп катары Сауд Аравиясынын аймагын көздөй ракеталарды учурган.

Ноябрь айында Эр-Риядды көздөй баллистикалык ракетаны коё берүү аракети болгондон кийин коалиция Йемендеги бардык порттор менен аэропортторду жаап салган. БУУ болсо өлкөдөгү гуманитардык кырдаалга кооптонуп жатканын жар салган. Буга байланыштуу Коалиция блокаданы алсыздандырып гумжардам үчүн Ходейда менен Салиф портторун, Сане аэропортун ачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0