Окумуштуулар: Африка континенти экиге бөлүнүп калышы ыктымал

© REUTERS / Samrang PringКургап калган жер. Архив
Кургап калган жер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор айткан көрүнүш кайталанчу болсо Африка экиге бөлүнүп калышы мүмкүн. Же жаракага суу толуп, Африка, Эфиопия жана Сомалинин айрым бөлүгү чоң аралга айланып калмакчы.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Чыгыш Африкадагы жарака күндөн-күнгө кеңейип, ушу тапта 3000 чакырымга жетти. Бул тууралуу "Моя планета" ресурсуна таянып Sputnik Азербайжан агенттиги жазып чыкты.

Бүгүнкү күндө Африка өрөөнүндөгү жаракага көз салып иликтешүүдө. Анын түштүк жагындагысы кийинчерээк пайда болуп, бир жылда 2,5-5 сентиметрге чейин чоңоюп баратканы байкалат. Ал эми түндүк бөлүгүндөгүсү жанар тоо тектери менен капталып калган. Бул континеттин литосферасынын жукарып баратканын айгинелеп турат.

"Жараканын барган сайын кеңейишине жер титирөөлөр да себепкер. 138 миллион жыл мурун ушундай эле континенталдык жараканын айынан Африка менен Түштүк Америка бөлүнүп Атлантика океаны пайда болгон. Окумуштуулардын айтымында, айрым дал келүүчүлүктөрдү бүгүнкү күнү да байкоого болот", — деп айтылат макалада.

Азыркы учурда илимпоздор айткан көрүнүш кайталанчу болсо Африка экиге бөлүнүп калышы мүмкүн. Же жаракага суу толуп, Африка, Эфиопия жана Сомалинин айрым бөлүгү чоң аралга айланып калмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0