Tiangong-1 калдыктары. Архивдик сүрөт

Тамаша эмес! Бүгүн түнү Кыргызстандын аймагына космостук станция кулашы мүмкүн

3978
(жаңыланган 10:18 02.04.2018)
Сегиз тонналык "Тяньгун-1" станциясы 2011-жылы Кытай Эл Республикасы (КЭР) тарабынан учурулган

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Апрель айынын биринен экисине караган түнү Жердин атмосферасына сегиз тонналык "Тяньгун-1" космостук станциясы кирип, анын сыныктары Кыргызстандын аймагына кулашы мүмкүн. Бул тууралуу Түндүк Американын аба-космостук коргонуу башкармалыгынын маалыматында айтылган.

Кытайдын "Тяньгун-1" космотук станциясы 2011-жылы учурулган. Акыркы эки жыл ичинде ага учкучу жок башкарылган бир жана учкучтар менен эки кеме барып келген. 2016-жылы Кытай бийлиги аталган станция менен байланышты жоготуп алганын жана анын кыймылын башкара албай турганын жар салган.

Акыркы изилдөөлөр башкарылбаган станция атмосферанын катуу катмарына тийсе күйүп кетээрин жана анын сыныктары жерге дагы түшөрүн көрсөткөн.

Европа космостук агенттигинин адистери сыныктар Борбор Азиялык мамлекетердин үстүнө (Казакстандан тышкары) кулашы мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

Ошондой эле ал түшүшү мүмкүн делген аймактарга Португалия, Испания, Италия, Греция, Түркия, Кытай, Япония, Африка өлкөлөрү, Азия мамлекеттери, Австралия, АКШ, Мексика, Борбордук жана Түштүк Америка кирет. 

РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда, Атом энегриясы боюнча эл аралык агенттик менен Европа космостук агенттиги станциянын сыныктарынын жерге кулашы радиоактивдик коркунуч алып келбей турганын айтышкан. 

Сыныктын кулай турган болжолдуу аймыган онлайн режимде көрсөңүз болот. Satflare.com Бул ресурс дагы 15 миңден ашуун спутник берген маалыматты көрсөтүп турат.

3978
Белгилер:
жер, станция, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Космонавттар эмнеге күбө болушат? Космостон тартылган 11 сүрөт

Россияга рахмат: Тоолуу Карабахта мектеп, ооруканалар ачыла баштады

13
Степанакертте мектептер ачылып, андан сырткары, жергиликтүү төрөт үйү ишин баштады. Согуштан кийин ал жерде биринчи ымыркай жарыкка келди.

Тоолуу Карабахта тынч жашоо кадимкисиндей уланууда. Эл өз үйлөрүнө кайтып келип, дүкөндөр иштеп, коомдук транспорт каттап, жашоочулар коопсуздугу үчүн коркпой көчөгө сейилдеп чыга баштады.

Эл жашаган башка жерлерде да инфратүзүмдү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Мунун баары россиялык тынчтык орнотуучулардын эмгеги. Алар жергиликтүү элдин жай жашоосуна кайтып келиши үчүн аракет кылышууда.

13
Белгилер:
оорукана, мектеп, тынчтык орнотуучу, тынчтык, Тоолуу Карабах, Россия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат
Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов. Архив

Бүгүн Талант Мамытов Кыргызстандын атынан ЖККУнун сессиясына катышат

25
(жаңыланган 11:38 02.12.2020)
Сессияда уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгү, ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларындагы чечимдердин ишке ашырылышы, мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө маселелери талкууланат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып жаткан жана ЖКнын спикери Талант Мамытов
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Иш-чара бүгүн, 2-декабрда, өткөрүлмөкчү. Анда уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгү, ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларындагы чечимдердин ишке ашырылышы, мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө маселелери талкууланат.

Жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Застын катышуусу күтүлүүдө.

25
Белгилер:
видеоконференция, жыйын, Талант Мамытов, ЖККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
ЖККУнун коргоо министрлеринин отуруму өттү. Талкууланган маселелер
Ат-Башыга логистикалык борбор проекти. Архив

Ат-Башыга логистикалык борбордун курулушу күтүлүүдө. Маселе кайра каралды

0
(жаңыланган 13:03 02.12.2020)
Чечим 2019-жылдын аягында чыгып, инвесторлор табылып, алар жердин ижара акысынын бир бөлүгүн төлөп коюшкан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам борбор салынбай калган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун аймагына бажы-логистикалык комплексин куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 25-ноябрь күнү Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борборунун кызматкерлери Бажы кызматынын өкүлдөрү менен Нарын облусуна иш сапары менен барып, облус башчысы, Ат-Башы районунун акими жана бир катар тийиштүү мекемелердин кызматкерлери менен жолугушкан.

"Анда Ат-Башы районуна бажы-логистикалык комплексин куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери чечилди. Жолугушууда логистикалык борборду курууга ылайыктуу жерлер каралды", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик бул долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик өнөктөш катары Мамлекеттик бажы кызматы көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

"2017-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын мартына чейин аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Анда инвестор менен келишим 25 жылга чейин түзүлөт деп жазылган. Ал эми инвестициянын көлөмү - 30 миллион доллар. Учурда Бажы кызматы менен Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борбору тендердин документтерин даярдады. Инвесторлорду тандоо үчүн сынак жарыяланып, тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат", — деп айтылат билдирмеде.

Министрлик жакында долбоорду каржылай турчу компанияларга тендер жарыялана турганын кошумчалады.

Эске салсак, Ат-Башыга логистикалык борбор куруу чечими 2019-жылдын аягында чыккан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай турганы маалым болгон. Логистикалык борборду Нарынга кытай, кыргыз ишкерлери аралашкан "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы курмак. Инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагынан 49 жылга ижарага жер алып, акчанын бир бөлүгүн берип коюшкан. Ал каражат инвесторлорго кайра кайтарылган-кайтарылбаганы боюнча өкмөт буга чейин үн ката элек болчу.

0
Белгилер:
тендер, инвестор, логистикалык борбор, Ат-Башы, Нарын
Тема боюнча
Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда
Ат-Башыга курулчу логистикалык борбор: инвестордун 45 миллион сому кайда?