Башкы штаб КРге кулайт делген космостук станция боюнча үн катты

Жазылуу
Биринен экинчи апрелге караган түнү Жердин атмосферасына сегиз тонналык "Тяньгун-1" космостук станциясы кирип, анын сыныктары Кыргызстандын аймагына кулашы мүмкүн экени маалым болгон

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөр башкы штабынын маалымат кызматынын жетекчиси Гүлзат Жарашева өлкө аймагына космостук станциянын кулашы мүмкүн деген маалыматка карата комментарий берди.

Буга чейин биринен экинчи апрелге караган түнү Жердин атмосферасына сегиз тонналык "Тяньгун-1" космостук станциясы кирип, анын сыныктары Кыргызстандын аймагына кулашы мүмкүн экени маалым болгон.

Жарашева аба коргонуу системасы Кыргызстандын аба мейкиндигине көз салып турганын маалымдады.

"Ооба, биз аба мейкиндигинде эмне болуп жатканына көз салып, убагында реакция кылабыз. Бирок, бул көйгөй көбүнчө ӨКМге тийиштүү. Эгер кандайдыр бир кооптуулук жаралса, сөзсүз түрдө маалымат берилет", — деди Жарашева.

Кытайдын "Тяньгун-1" космотук станциясы 2011-жылы учурулган. Акыркы эки жыл ичинде ага учкучу жок башкарылган бир жана учкучтар менен эки кеме барып келген. 2016-жылы Кытай бийлиги аталган станция менен байланышты жоготуп алганын жана анын кыймылын башкара албай турганын жар салган.

Американцы приняли ракету Space X на небе за НЛО — видео - Sputnik Кыргызстан
Америкалыктар Space X ракетасын НЛО деп кабылдап, 911 кызматына чалышкан
Акыркы изилдөөлөр башкарылбаган станция атмосферанын катуу катмарына тийсе күйүп кетээрин жана анын сыныктары жерге дагы түшөрүн көрсөткөн.

Европа космостук агенттигинин адистери сыныктар Борбор Азиялык мамлекетердин үстүнө (Казакстандан тышкары) кулашы мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

Ошондой эле ал түшүшү мүмкүн делген аймактарга Португалия, Испания, Италия, Греция, Түркия, Кытай, Япония, Африка өлкөлөрү, Азия мамлекеттери, Австралия, АКШ, Мексика, Борбордук жана Түштүк Америка кирет.

Сыныктын кулай турган болжолдуу аймыган онлайн режимде көрсөңүз болот. Satflare.com ресурсу дагы 15 миңден ашуун спутник берген маалыматты көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0