Чиркей. Архивдик сүрөт

Кытай окумуштуулары чиркейди эки чакырым алыстыктан "тааныган" радар жасап жатат

173
(жаңыланган 14:18 02.04.2018)
Жабдууну ойлоп табуунун негизги максаты — миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калуу

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кытайлык окумуштуулар чиркейди эки чакырым алыстыктан "тааный" турган жабдуу жасап жатканын South China Morning Post басылмасына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Тырмактан кичинекей жандыкты ошончо алыстыктан билип койчу жабдууну жасап жаткан компания өзү тууралуу ачык айткысы келген эмес.

"Радардын канчалык күчтүү экенин сыноо үчүн Кытай коргонуу тармагында колдонгон жашыруун технологиялар пайдаланылды. Ал эки чакырым алыстыкта учуп келе жаткан чиркейдин канатынын күүлөнүшүн сезе алат", — деп жазылат макалада.

Басылманын маалыматына караганда, бул жабдууну ойлоп табуунун негизги максаты — миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калуу. Анткени чиркейлер миңдеген адамдардын өмүрүн алып кеткен ооруларды ташып жүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чиркей чаккандан кийин каза тапкан адамдардын саны жыл сайын бир миллиондон ашарын айтат.

173
Белгилер:
Кытай, радар, чымын-чиркей
Тема боюнча
Окумуштуулар: Африка континенти экиге бөлүнүп калышы ыктымал
Окумуштуулар кафе-ресторандарда тамак жегендин кооптуулугун айтып беришти
Окумуштуулар жемиш ширеси өмүргө кандай кооптуулук жаратарын айтышты
Коронавируска кабылган бейтаптарды караган медик. Архивдик сүрөт

“Омикрон” менен пандемия аяктайбы? Вирусологдун божомолу

50
Буга чейин окумуштуулар жаңы штаммдын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Коронавирустун “омикрон” штаммынын пайда болушу менен COVID-19 илдети мурдагыдан жеңилирээк өтүп, кесепети дагы мурдагыдай оор болбой калышы мүмкүн. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейн билдирди.

Адис ДССУнун бул вирус дүйнө жүзүнө жыл жаңырганга чейин жайылып кетет деген пикирине кошулбай турганын айтты.

"Жаңы жылга чейин жайылып кетүүгө үлгүрбөйт. Мисалы, "дельта" 2020-жылдын күзүндө пайда болуп, дүйнөнүн ар тарабына быйылкы жылдын май-июль айларында жетти. Андыктан “омикрондун” канчалык жугуштуу экенин азырынча так кесе айтууга эрте”, — деди Альтштейн.

Ошондой эле ал омикрондун кандай алсыз жактары бар экенин айтып, дал ушул штамм менен пандемия аякташы мүмкүн экенин божомолдоду.

“Штаммдын S-белогу 32 жолу мутация болгон. Бул өтө көп, демек, геному алсыз. Буга чейин жуктуруп алган 100 киши жеңил формада ооруп жатат, каза болгондор жок. Коронавирустан өлгөндөрдүн саны кадимки грипптен көз жумгандарга теңелип калганда пандемия бүттү деп айтсак болот. Бул жаатта алганда пандемия “омикрон” менен бүтүп калышы дагы ыктымал”, — деди вирусолог.

Анткен менен адис сөзүнүн соңунда бардыгы бул штамм улгайган адамдарга жеткенде гана белгилүү болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат.

50
Белгилер:
коронавирус, 'омикрон' штаммы, вирусолог, божомол
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды
Дарбазачыга гол кирип атат. Иллюстративдик сүрөт

Египетте гол киргенине катуу сүйүнгөн машыктыруучунун жүрөгү кармап каза болду

53
(жаңыланган 18:55 04.12.2021)
Көз жумган машыктыруучунун командасы чечүүчү голду киргизген. Клуб алты күндүк аза күтүү жарыялап, машыгуулар менен оюндарды жылдырган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Египетте гол киргенине катуу сүйүнгөн башкы машыктыруучунун жүрөгү кармап көз жумду. Бул тууралуу Gulf News басылмасы жазды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от نادي المجد السكندري (@almagdsportsclub)

Окуя Египеттин экинчи дивизионунун оюндарында болгон. "Аль-Мадж" клубу мелдештин 93-мүнөтүндө чечүүчү топту киргизип, оюнчулар менен машыктыруучулук штаб жеңишти майрамдаган. Бөтөнчө клубдун башкы машыктыруучусу Эль-Сельхедар маңдайы жарыла сүйүнгөн.

Оюн кайрадан уланган, көрүүчүлөрдүн көңүлүн эси ооп жыгылган машыктыруучу бурган. Ал жактагы медиктер көмөктөшүп, андан кийин Тез жардам кызматын чакырганы менен ооруканага жетпей көз жумган. Дарыгерлер жүрөгү токтоп калганын айтышкан. Ал 53 жашта болгон.

Клуб алты күндүк аза күтүү жарыялаган. Команда машыгууларын токтотуп, оюндарды жылдырган.

53
Белгилер:
Египет, футбол, оюн, машыктыруучу, өлүм
Тема боюнча
Нидерландда футбол фанаттары турган трибуна оюн учурунда урап түштү. Видео
Тоого чыгып аткан туристтер. Архивдик сүрөт

Кегетидеги Көл-Төргө чыккан кореялык турист көз жумду

0
(жаңыланган 20:45 04.12.2021)
Чет өлкөлүк туристтин эс-учун жоготуп жыгылганы боюнча маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Чүй районундагы Кегети капчыгайынын жогору жагында жайгашкан Көл-Төр көлүнө чыккан Түштүк Кореянын жараны каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматта чет элдик турист 70 жашта экени айтылат. Анын белгисиз себептерден улам эс-учун жоготуп жыгылганы тууралуу кабар ӨКМдин 112 кызматына саат 13.22лер чамасында түшкөн.

Жерине тартылган Токмок шаарынын төрт куткаруучусу сөөктү түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

0
Белгилер:
Чүй облусу, Кегети капчыгайы, Көл-Төр, сөөк, ӨКМ, ИИМ, турист
Тема боюнча
Ысык-Көлдө 15 күн мурда жоголгон турист кыздын сөөгү табылды. Сүрөттөр