YouTube компаниясынын кеңсесин аткылады делген аялдын сүрөтү жарыяланды

© REUTERS / Elijah NouvelageАтышуу болгон жердеги полиция кызматкери
Атышуу болгон жердеги полиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, төрт адам жабыркап, бирөөсү оор абалда.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. YouTube компаниясынын Калифорниядагы башкы кеңсесиндеги атышууга шектелген аял жергиликтүү тургун айыпталууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, аялдын аты Насим Агдам, кара кийим кийип, жоолук салынып жүргөн. Ошондой эле кол салган келин YouTube компаниясынын кызматкери эместиги аныкталды.

Отравление экс-офицера ГРУ Сергея Скрипаля в Британии - Sputnik Кыргызстан
Германия "Скрипалдын ишине" РФтин тиешеси далилденбегенин айтты
​Кечээ, 3-апрелде, YouTube компаниясынын Калифорниядагы башкы кеңсесинде атышуу болду. Шектүү аял жалгыз кол салганы айтылып, кийин сөөгү табылган. Кээ бир маалыматтарга караганда, ал өзүн-өзү өлтүргөн.

Укук коргоо органдары окуядан төрт адам жабыркап, бирөөсү оор абалда экенин билдиришти.

Ал эми ABC телеканалы атышуунун террорчулукка эч кандай тиешеси жок экенин укук коргоо органдарындагы булагына таянуу менен жазды.

Азырынча окуянын толук чоо-жайы айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0