Google Chrome файлдарды жашыруун көчүрүп алары айтылып, чуу жаралды

© REUTERS / Francois Lenoir / IllustrationGoogle сайтынын баракчасы. Архив
Google сайтынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Google Chrom атайын программа колдонуучулардын маалыматын топтобой турганын, жөн гана файлдарды вируска текшерерин маалымдаган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Windows операциялык системасы менен башкарылган компьютер ээлеринин бардык файлдарын Google Chrome жашыруун көчүрүп алары аныкталды. Бул тууралуу америкалык Motherboard порталы кибер коопсуздук боюнча адис Келли Шортриджге шилтеме берип жазып чыкты.

Эксперттин айтымында, браузер Chrom Cleanup Tool программасы аркылуу компьютердеги бардык папкаларды, керек болсо "Документтер" деген папканы дагы өзүнө көчүрүп алат. Кызыгы, мунун баары колдонуучуларга айтылбастан жасалып келген. Мындан улам колдонуучулар кооптонуп жатканын айтып, белгилүү интернет программасын колдонуудан баш тартарын жар салышкан.

​Ал эми Google Chrome аталган программа колдонуучулардын маалыматын топтобой турганын, жөн гана файлдарды вируска текшерерин маалымдады.

"Программа жумасына бир эле жолу иштейт жана анын ашкере кеткен функциялары жок", — деп Google Chrome компаниясынын коопсуздук боюнча кызматынын жетекчиси Жастин Шух Twitter тармагына жазып чыкты.

​Ал браузер колдонуучунун компьютерине зыян алып келе турган программаларды издеп, эгер табылса бул боюнча маалымат берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0