Facebook менен Telegram мессенджерлеринен маалымат уурдай турган вирус табылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТелефон кармап турган адам. Архив
Телефон кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирус шилтеме аркылуу жана Android дүкөнүндөгү шектүү тиркемелер аркылуу жугушу ыктымал

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Trustlook Lab корпорациясынын эксперттери эл көп колдонгон мессенджерлердеги маалыматтарды уурдап ала турган телефон вирусун аныктаганын "Известия" басылмасы билдирди.

Google сайтынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Google Chrome файлдарды жашыруун көчүрүп алары айтылып, чуу жаралды
Жаңы вирус телефондогу Telegram, Viber, Skype, Facebook Messenger мессенджерлериндеги маалыматтарды уурдап, башка серверге жибергенге жөндөмдүү. Андыктан эксперттер уурдалган маалыматты үчүнчү тарап кишини опузалоо үчүн колдонушу мүмкүн экенин белгилешти.

Киберкоопсуздук боюнча адистер вирусту Кытайдын Cloud Module тиркемесинен табышкан. Вирус катылган программа com.android.boxa деп аталат. Бул вирус шилтеме аркылуу жана Android дүкөнүндөгү шектүү тиркемелер аркылуу жугушу ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0