YouTube каналында 5 миллиарддан ашык жолу көрүлгөн биринчи видео аныкталды

© AFP / Timothy A. CLARYисполнители Луис Фонси и Папа Янки исполняют хит-песню "Despacito"
исполнители Луис Фонси и Папа Янки исполняют хит-песню Despacito - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы рекорд болгону бир жарым айда коюлган

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Пуэрторикалык ырчылар Луис Фонси менен Дэдди Янкинин Despacito аттуу чыгармасынын клипи YouTube каналынан беш миллиарддан ашык жолу көрүлдү. Бул аталган каналда мынча көрүүчү топтогон биринчи ролик экенин Forbes журналы жазып чыкты.

Абсолюттук рекорд болгону бир жарым айда коюлган. Тагыраагы, февраль айында клип 4,7 миллиард жолу көрүлгөн болчу.

Бул роликтин "атаандаштары" эң көп дегенде 3,5 миллиард жолу көрүлгөн.

Рейтинг боюнча экинчи орунда Уиз Халиф менен Чарли Путтун See you again чыгармасы турат. Ролик 3 миллиард 489 миллион жолу көрүлгөн. Ал эми үчүнчүнү Эд Ширандын Shape of you аттуу ыры ээледи — 3 миллиард 413 жолу көрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0