Финляндияда эркек кишинин көз жарышы расмий каттоого алынды

CC BY-SA 2.0 / Bridget Coila / Holding Hands With a Newborn BabyНоворожденный ребенок держится за руку отца
Новорожденный ребенок держится за руку отца - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электрондук база балалуу болгон адамды каттоодон баш тарткан

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Финляндияда биринчи жолу эркек кишинин төрөгөнү катталганын Yle басылмасы жазып чыкты.

Проблема проституции в США - Sputnik Кыргызстан
Жынысын алмаштырам деген Венера: ким экенимди билген жигиттер "өлтүрөм" деп коркутат
Балалуу болгон адам алгач кыз болуп төрөлгөнүн, бирок кийин жынысын алмаштырып, эркек кишинин атына документ алган. Бойго бүтүрүү боюнча гормоналдык дарылануусун үзгүлтүккө учураткан. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын ден соолугу жакшы, салмагы 4 килограммга чукул болсо, бою 53 сантиметр экени айтылды.

Басылма наристенин ата-энеси баланы каттоодо кыйынчылыктарга тушуккан, анткени электрондук база төрөп түшкөн адамдын эркек экенин тааныгысы келген эмес.

Эскерте кетсек, дүйнөдө биринчи ирет америкалык Томас Бити "кош бойлуу эркек" болгон. Кыз болуп төрөлгөн Томас 2002-жылы жынысын алмаштырып салган. Беш жылдан кийин жасалма уруктануу жолу менен боюна бүткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0