Макгрегор Нурмагомедов кетип бараткан автобуска кол салып кармалды. Видео

© AP Photo / Gregory PayanАралаш мушташ боюнча ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив
Аралаш мушташ боюнча ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуяга күн мурун Хабиб Нурмагомедов менен Артем Лобовдун кер-мур айтышуусу себеп болгон

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Аралаш мушташ боюнча ирландиялык мушкер Конор Макгрегор россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов UFC 223 турниринин катышуучулары менен бара жаткан автобуска кол салды. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Окуя Нью-Йорктогу Barclays Center ("Барклис-центр") спорттук комплексинде болгон. Анда UFC 223 турниринин катышуучулары жыйындан чыгып отелге кетип бараткан.

Чырга күн мурун Нурмагомедов менен Лобовдун кер-мур айтышуусу себеп болгон.

Видеодо Макгрегор автобусту кубалап барып, жүк ташыган арабаны ыргытып ийгенде унаанын айнеги күбүлүп түшкөнүн көрүүгө болот. Дагы бир нерсени ыргытайын дегенде аны коопсуздук кызматкерлери токтотуп калган. Ал жерде окуянын күнөөкөрү Лобов дагы болгондугу айтылат. 

​Макгрегордун бул кылыгынан америкалык мушкер Майкл Кьеза айнектин сыныгынан жаракат алып, эми анын Энтони Петтисага каршы беттеши үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн экени айтылды.

​UFC башчысы Дэйна Уайт Конор Макгрегор менен Артур Лобовдун бул жүрүмүн спорттук уюмдагы эң начар көрүнүш катары сыпаттаган. 

The New York Times басылмасынын маалыматына ылайык, Нью-Йорк полициясы окуяны уюштурган адамды кармады. Ал эми Макгрегор ага карата нааразычылык кат көрсөтүлгөндөн кийин полицияга өзү келген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0