Кудум жомоктогудай! Талаадагы аппак маралдын видеосу баарын таң калдырды

© AP Photo / David DupreyАк марал. Архив
Ак марал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаратылышта альбинос маралдар өтө сейрек кездешет

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Альбинос маралдын видеосу көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Видео Мичигандагы Kensington Metropark паркында тартылганын WXYZ басылмасы жазды.

Мик Макдональд аттуу жаран парктын жанынан машина менен өтүп баратып, оттоп жүргөн маралды капысынан байкап калган.

Альбинос маралдар өтө сейрек кездешет. Башкача айтканда, 30 миңге бирөө туура келет.

Жаратылыш сүйүүчүлөр марал адамдан коркпой турганын жана аябай ишенчээк болгондуктан аны чочутпоо керектигин эскертип келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0