Абайлагыла! WhatsApp тиркемесинин жасалма версиясы тарап кетти

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүWhatsApp тиркемеси. Архив
WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиркеменин жаңы мүмкүнчүлүктөрү көбүррөк болгондуктан аны миңдеген адамдар колдонууда

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Malwarebytes Labs изилдөө компаниясы WhatsApp мобилдик тиркемесинин жасалма версиясын таап чыкты, анын жардамы менен өздүк маалыматтарды уурдоого мүмкүн. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтында жарыяланды.

Телефон кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Facebook менен Telegram мессенджерлеринен маалымат уурдай турган вирус табылды
Жасалма тиркеме көбүрөөк жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен чыккандыктан кеңири тарап кетип, миңдеген адамдар пайдаланууда. Себеби бир  учурда төрт номер менен кирүүгө болот. Андан сырткары, башкалардан келген билдирүүлөрүнүн окулгандыгын жана жазып жаткандыгын жашырууга мүмкүн.

Ал тиркемени колдонгондордун өздүк маалыматтарын жаман ойлуулар уурдап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0