Индонезиялык мугалим тиши кишиникине окшогон балык кармады. Видео

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБалыктар. Архив
Балыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер мугалимдин кайырмагына түшкөн балык окунь түркүмүнө кирерин айтышты

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Индонезиянын Киминдоресе шаарында жашаган мугалим тиштери адамдыкына окшош балык кармап алганын The Sun сайты жазды. 

Окутуучу олжону эмне кыларын билбей, өзүнүн окуучусуна берип койгон. Балыктын өзгөчөлүгүнө таң калган өспүрүм аны видеого тартып, интернетке жүктөгөн.

Аны көргөн журналисттер бул эмне болгон балык экенин окумуштуулардан сурап көргөн. Адистер мугалимдин кайырмагына түшкөн балык окунь түркүмүнө кирерин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0