Эң бышык делген 10 машинанын аты аталды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАвтоунаа. Архив
Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер 1981-жылдан 2017-жылга чейин сатылган 13,5 миллион автоунааны изилдеп чыгышкан

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. ISeeCars компаниясынын аналитиктери 320 миңден ашык чакырым жүрө алчу эң бышык машиналардын атын атап, анын жыйынтыгы компаниянын сайтына жарыяланды.

Лучший иноходец — Ганк. Сейчас в Кыргызстане нет ему равных - Sputnik Кыргызстан
12 машина уткан "Вулкан", 40 миң доллар тапкан "Карат". Эң мыкты буудандар кимдики?
Эксперттер 1981-жылдан 2017-жылга чейин сатылган 13,5 миллион автоунааны изилдеп чыгышкан. Анда тизменин дээрлик бардыгын жолтандабастар ээлеген.

Биринчи орунду Япониянын Toyota Sequoia автоунаасы алды. Бул үлгүдөгү автоунаалардын 6,6 пайызы 320 миңден ашык чакырым жүргөн. Андан кийинки орунда 5,54 пайыз менен Ford Expedition машинасы ээледи. Ал эми үчүнчү сапка Chevrolet Suburban машинасы татыды.

Төртүнчү жана бешинчи орунду Toyota 4Runner (4,2 пайыз) менен GMC Yukon XL (3,9) автоунаасы ээледи. Ошондой эле эң бышык делген машиналардын катарын Chevrolet Tahoe (3,8 пайыз), GMC Yukon (2,8), Toyota Tacoma (2,6), Toyota Avalon седан (2,4) жана Honda Odyssey (2,4) толуктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0