Чээнден чыкканда аюунун бакырганын жазып алышты. Алтайдагы видео

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАюу. Архив
Аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер жырткычтын ойгонгон мезгилин фотокапкан аркылуу билсе болорун айтышкан

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кышы бою чээнде жатып, жаңы ойгонгон аюунун бакырганы видеого түшүп калды. Бул туурасында РИА Новости Алтайдагы биосфералык коруктун сайтына таянып жазды.

Эксперттер жырткычтын ойгонгон мезгилин фотокапкан аркылуу билсе болорун айтышкан.

Быйыл алардын ойгонуп же ойгоно электигин суулар эрип, коруктун түштүк тарабындагы көлгө жол ачылганда билишет.

"Анткен менен аюулар коруктун түштүк жагында чээнден мындан бир нече күн мурда чыккандыгын айтууга болот. Алардын бакырыгын укканда жаздын келгендигинин белгиси деп билебиз ", —деп айтышкан эксперттер.

Ал эми коруктун дагы бир адиси бул үндү укканда кадимкидей толкунарын айткан.

Ак марал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кудум жомоктогудай! Талаадагы аппак маралдын видеосу баарын таң калдырды
"Мындай айбаттуу жаныбардын үнүн укканда толкунданбай кое албайсың. Бүгүн биринчи ирет эшиктик. Жакындап келеби деп тыңшап турсак, тилекке каршы, башка тарапка кетип, анан угулбай калды", — деген ал.

Биринчилерден болуп чээнден эркек жана чоңураак аюулар ойгонот. Бир катарлары чээнге туура эмес жатып калгандар же аны суу каптап кеткенде чыгат экен. Кийинчерээк жарым-жалгыздап жүргөндөр, эң кеч — мамалагы менен чээнде жаткан эне аюулар тышка чыгарын айтышты.

Буга чейин интернетте ачкалыктан бутуна араң турган ак аюунун видеосу чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0