Россия соту өлкөдө Telegram мессенджерине тыюу салды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүTelegram мессенджери. Архив
Telegram мессенджери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Telegram компаниясынын юристтери сот жыйынына келген эмес.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Москванын Таган райондук соту Роскомнадзордун Россияда Telegram мессенджерин чектөө боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу РИА Новости агентти билдирди.

Телефон кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Facebook менен Telegram мессенджерлеринен маалымат уурдай турган вирус табылды
Арызды тез аранын ичинде каралган. Далилдерди көрсөтүү болгону жарым саатка созулуп, сот кеңешүү бөлмөсүнө кирип кеткен. Ал ортодо Роскомнадзор менен Федералдык коопсуздук кызматы Telegram компаниясынын атайын кызматка шифрлөөнүн ачкычын бербей жатышы мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына туура келерин айтты.

Telegram компаниясынын юристтери сот жыйынына келген эмес. Мессенджердин негиздөөчүсү Павел Дуров юристтердин баруусуна тыюу салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0