АКШ президенти Дональд Трамп. Архив

АКШ президенти Трамп Сирияга сокку уруу боюнча буйрук берди

831
(жаңыланган 15:30 14.04.2018)
Трамп Франция жана Улуу Британиянын куралдуу күчтөрү менен биргеликте аскердик операцияларды баштагандыгын айтты

БИШКЕК, 14-апр. – Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Сирия аймагына сокку уруу боюнча буйрук берди. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

"Бир нече убакыт мурда АКШнын куралдуу күчтөрүнө сириялык диктатор Башар Асаддын химиялык куралдарынан улам так багыттар боюнча сокку урууну тапшырдым", — деп айтты Трамп.

Ал Франция жана Улуу Британиянын куралдуу күчтөрү менен биргеликте аскердик операцияларды баштагандыгын жана аларга ыраазы экендигин билдирген.

831
Белгилер:
сокку, Дональд Трамп, Сирия, АКШ, Россия
Тема:
Батыш коалициясынын Сирияга болгон чабуулу (11)
Тема боюнча
Россия ТИМи Сириядагы химиялык чабуул жасалма экенин айтты
Сирияда россиялык журналисттер бараткан автобуска ок атылды
РФ президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушу

Путин менен Рахмон Москвада жолукту

135
(жаңыланган 23:46 08.05.2021)
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жана жалпы аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашкан.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россия Тажикстанга Афганистан менен чектеш экенин эске алып ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.

Бүгүн Россия өлкө башчысы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

"Афганистанда болуп жаткан окуялардан улам аймактагы коопсуздук маселеси курч турат. Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы узун. Кырдаал сиздин тынчыңызды алып жатканын түшүнөм, негиздүү. Окуя кандай нукта өнүгөрү тууралуу сиздин пикириңиз кызык. Биз өз кезегинде колдоо көрсөтүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз", — деди Путин.

Ал Тажикстанда Россия Куралдуу күчтөрүнүн 201-базасы жайгашканын, өлкө анын кубаттуулугун арттыруу боюнча иштерди жасап жатканын айтып өттү.

Сөз кезеги келгенде Рахмон Афганистандагы абалга катуу тынчсызданып жатканын белгиледи.

"АКШ Афганистандан аскерин алып чыгарын эске алып коопсуздук маселелерин талкуулоо зарыл. Бул билдирүүдөн кийин өлкөдө кырдаал курчуп кетти", — деди Рахмон.

Президент Тажикстан менен Афганистандын чек арасы 1 300 чакырымдан көп экенин, башкача айтканда, жалпы чек ара тилкесинин 60 пайызын түзөрүн белгилеп өттү. Муну менен бирге Россия менен бардык тармак боюнча, анын ичинде коопсуздук маселеси дагы бар, байланыш бекемделип жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, Тажикстандын жетекчиси ЖККУ менен ШКУ уюмдарында төрагалык кылчу мамлекет катары саммиттерге даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканына токтолду.

Жолугушууда Улуу Ата Мекендик согуштун мааниси тууралуу да сөз болуп, тараптар бири-бирин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттукташты.

135
Белгилер:
чек ара, Афганистан, саммит, Тажикстан, Россия, Эмомали Рахмон, Владимир Путин
Тема боюнча
Путин Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктады

Таразага түшө албай калтыраган АКШ мушкеринин беттеши токтотулду. Видео

249
(жаңыланган 19:20 08.05.2021)
Америкалык атлет бутуна тура албай калган абалга жеткени аз келгенсип, салмагы дивизиондогу ченемден үч фунтка ашып кеткен. Мындан улам ага беттешке чыгууга уруксат берилген эмес.

UFC мушкери, америкалык Райан Бенойт менен өзбекстандык Заррух Адашевдин UFC on ESPN 24 мелдешиндеги беттеши токтотулду. Буга АКШлык спортчунун таразага түшүүдө калтырап баса албай калганы себеп болду. Окуянын видеосу Youtube каналына жарыяланды.

Видеодо көрүнүп тургандай, Бенойт салмакка түшүүчү жайга башкалардын жардамы менен жетип, өз күчү менен таразага чыга албай койгон. Америкалык атлет бутуна тура албай калган абалга жеткени аз келгенсип, салмагы дивизиондогу ченемден үч фунтка ашып кеткен. Мындан улам уюмдун жетекчилиги ага беттешке чыгууга уруксат берген эмес. 

UFC уюмунун кезектеги мелдеши 9-майда Лас-Вегаста өтөт.

249
Белгилер:
ден соолук, салмак, Лас-Вегас, АКШ, мелдеш, ESPN, UFC
Тема боюнча
UFC: башкы беттеште Усман атаандашы Масвидалды нокаутка кетирди. Видео
UFC: Намаюнас кытайлык Жангды сулата тээп уткан соң ыйлап жиберди. Видео