Жүрөгүң түшөт! Сирияга болгон чабуулдун алгачкы видео, сүрөттөрү чыкты

© REUTERS / SANAДамаск, Сирия. 14 апрель 2018
Дамаск, Сирия. 14 апрель 2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөр абадан коргонуу күчтөрү ракеталардын мизин кайтарып жаткан учурду тартып алышкан.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарга АКШ, Улуу Британия жана Франция Сирияны көздөй жөнөткөн ракеталардын алгачкы сүрөттөрү жана видеолору чыкты.

Чабуул 14-апрелге караган түнү башталган. Батыш коалициясынын билдиргенине караганда, кол салгандардын негизги максаты "химиялык куралды өндүрүү жана изөлдөө борборлору" болгон.

Үч мамлекет жүзгө жакын рекета учурган. Анткен менен Россиянын Коргонуу министрлиги алардын көпчүлүгүнүн мизи кайтарылганын айтты.

Сириянын абадан коргонуу күчдөрү Советтер Союзунда 30 жыл мурда чыгарылган техниканы пайдаланышты.

​Батыш Сирияга болгон кол салууну анын химиялык курал колдонушу менен түшүндүрдү. Вашингтон аны менен бирге Скрипаль боюнча окуяны да Москванын эсине салды.

Сириянын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын маалыматы боюнча кол салуудан үч киши жабыркаган.

​Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Сирияга урулган соккунун "кесепети тиерин" айтып, бардык жоопкерчилик Вашингтондун мойнунда экенин белгиледи.

​Ал арада сириялыктар Дамакстын борборунда президент Башар Асаддын режимин колдоо иретинде митинг өткөрүп жатышат.

​Сокуу уруу операциясына АКШдан тышкары Франция менн Улуу Британия катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0