Элди азапка салып жатышат! Путин Сирияга кол салуу боюнча үн катты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кремлдин маалымат кызматы Россия Сирия мамлекетине АКШ жана анын тарапташтарынын агрессиялык кыймылын талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин отурумун өткөрүүгө чакырганын билдирди.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. АКШнын жана анын тарапташтарынын Сирияга ракета менен жасаган чабуулдары абалды ого бетер курчутат деп билдирди Россиянын президенти Владимир Путин. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Путин АКШ бул кадамы менен Сириядагы гуманитардык апаат менен жөнөкөй элдин азабын ого бетер күчөтүп жаткандыгын айтты.

"Эгерде чындап алып караганда элди жети жылдан бери эзип, кыйнап келген террорчуларды калкалап жатышат. Алар бул өлкөдө, дегеле аймакта качкындардын жаңы толкунун жаратууда", — деди Путин өз сөзүндө.

Дамаск шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Сирияга эмнеге кол салганын айтты... 100 ракета, 6 жай жаран
Кремлдин маалымат кызматы Россия Сирия мамлекетине АКШ жана анын тарапташтарынын агрессиялык кыймылын талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин отурумун өткөрүүгө чакырганын билдирди.

14-апрелдин таңында, Бишкек убактысы боюнча эртең менеки саат жетиде АКШ баш болуп Улуу Британия, Франция абадан Сирияга чабуул койду. Батыш коалициясы бутага "химиялык куралдарды жасаган жана изилдеген борбору" алынганын айтты. Үч өлкө жүздөн ашуун канаттуу жана "аба-жер" деп аталган ракеталарды учурган. РФтин Коргоо министрлиги алардын көбүнүн мизи кайтарылып, мээлеген жерине түшпөй калгандыгын билдирди. Сириянын абадан коргонуу боюнча күчтөрү кол салгандарга каршы мындан 30 жыл мурда Советтер Союзунда жасаган куралдарды колдонгондугу маалымалды.

Буга кошумча үч мамлекеттин Сирияга болгон чабуулунун алгачкы видео, сүрөттөрү чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0