БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Британиянын жүрөк оорулар фондусунун жүргүзгөн изилдөөлөрүндө окумуштуулар ичкиликтин адамдын ден соолугуна зыян келтирбей турган көлөмүн аныктап чыккан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Адамдын саламаттыгына жетиштүү, андан ашырбаш керек деген көлөм — аптасына ичилген 100 грамм таза спирт экени айтылды. Бул салыштырып карай келсек, күчтүү беш кружка сыра же 875 миллилитр шарапка (кубаттуулугу 13 пайыз) барабар дешти.Изилдөөнүн авторлорунун айтымында, эгерде мындан эки эсе көп ичсе, өмүр 1-2 жылга кыскарат экен. Эгерде 2,5 эседен дагы көбүрөөк ууртап-татса жашоонун 4-5 жылы кетерин маалымдалды.
"Башкысы, бул изилдөө эмнеге басым жасап жаткандыгында. Эгерде арак-шарап ичип жүрсөңүз, аны азайтыңыз. Муну менен сиз жүрөк-кан тамыр ооруңузду басаңдатасыз", — деди Кембридж университетинин изилдөөчүлөр тобунун жетекчиси Анжела Вуд.
Окумуштуулар иш учурунда дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн 600 миң адамдын жүрүм-турумун, адаттарын изилдеген.
Илимпоздор буга чейин аракечтиктен арылуунун жаңы жолун тапканын айтышкан.
Спутник сайттарынын пайдалануучуларын алардын баракчасы же социалдык тармактардагы аккаунттары аркылуу каттоо жана активдештирүү бул эрежелерди сактоо боюнча макулдашуудан кийин гана жүргүзүлөт.
Колдонуучу өз аракеттери менен улуттук жана эл аралык мыйзамдарды бузбоо милдетин алат. Пайдалануучу талкуунун башка катышуучуларына, окурмандарга же макалалардагы баян этилген адамдарга карата абдан сый мамиле кылууга милдеттендирилет.
Материалдын негизги мазмунундагы тилден айырмаланган тилдеги пикирлерди администратор өчүрүп коюуга толук акысы бар.
Пикирлер төмөнкүдөй учурларда өчүрүлөт:
Администрация алдын ала эскертүүсүз эле колдонуучуну баракчага кире алгыс кылып, же пикир калтыруунун эрежелерин бузган шартта, же анын аракеттеринен ушундай белги байкалса, аккаунтун өчүрүп салууга акылуу.