Британиялык турист эски чептин ичинен "арбакты" сүрөткө тартып алды

Жазылуу
Окуяга күбө болгон кыз жергиликтүү басылмага тартып алган сүрөттөрүн берген

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Британиялык турист кыз Хлоя Тотнес чебинин ичинен арбак көргөнүнө ишенет. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Plymouth Herald басылмасына шилтеме кылып жазып чыкты.

Хлоя жергиликтүү басылмага интервью берип, тартып алган сүрөттөрү менен бөлүшкөн.

Анын айтымында, ал эски курулуштун "коргоочуларын" жолуктурган.

​"Чептин ичинде чогуу жүргүлө жана бири-бириңерден алыстабаганга аракет кылгыла. Анткени айрым адамдар анын ичинен денесин тыттырып, көгала болуп чыгууда", —деп билдирген Хлоя.

Уламыштарга ылайык, андагы жоокерлер бастырып кирген душмандардан чепти коргоого аракет жасашкан. Бирок кол салуучулар күчтүүлүк кылгандыктан коргоочулар туткунга түшүп калбаш үчүн өздөрүн өздөрү өлтүрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0