Терминатордун ролун аткара турган жаңы актердун аты аталды

© AP Photo / Richard Shotwell/InvisionАмерикалык актер Гэбриел Луна. Архив
Америкалык актер Гэбриел Луна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фантастикалык тасмада башкы каармандын ролун ойногон актерлордун алмашуусу социалдык тармакта түрдүү пикирлерди жаратты.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Фантастикалык "Терминатор" тасмасындагы башкы ролду Арнольд Шварценеггердин ордуна 35 жаштагы америкалык актер Гэбриел Луна ойномой болду. Бул тууралуу тасманын режиссеру Тим Миллер Deadline басылмасына интервью берип жатып билдирген. 

Гэбриел Луна "Агенты Щ.И.Т." сериалында арбак айдоочунун ролун жаратуу менен белгилүү болгон. Маалым болгондой тасма ушул жылдын жай айында тартыла баштайт. Сценарийи кандай болору азырынча белгисиз. Премьерасы 2019-жылдын 22-ноябрына пландалууда. 

​Шварценеггердин терминатордун ролун аткарбай турганы социалдык тармактарда түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдары жаңы актер өлбөс роботтун образын ийинине жеткире аткара албайт десе, дагы бири "Лунадан башка актер калбай калганбы" деп суроо салган.

"Гэбриел Луна бул ролго жарабайт. Анын көздөрү боорукер жана жалтаң. Ал эми Шварценеггердики өткүр болчу", — деп жазган Tina Leon аттуу колдонуучу.

​Баса, кыргызстандык таяк тартыш чебери Азат Таштанбеков Арнольд Шварценеггерди жанынан көрүп таң калган жайы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0