Модели на конкурсе. Архивное фото

Чоң эне деп айтпайсың... 20 жаштагы селкилерди артка калтырган аял финалда

945
(жаңыланган 09:12 17.04.2018)
Австралиялык Голд-Коста Жина Стюарт сынакка катышкан моделдердин эң улуусу болуп чыкты

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Австралияда өткөн сулуулардын "Мисс Maxim – 2018" сынагында төрт баланын апасы, бир неберенин чоң энеси Голд-Коста Жина Стюарт финалга чыкты. Бул туурасында The Daily Mail жазган.

Басылманын маалыматына караганда, модель чоң эне 18−20 жаштагы тал чыбыктай болгон жүздөгөн атаандаштарын артка таштаган.

Мыкты сулуунун аталган сынакка катышкан кыздардан эки эсе улуу, тагыраагы 47 жашта экендиги белгилүү болду. Анын жаш курагын билгендердин көбү таңгалып, ал тургай көпкө чейин ишенген эмес. Социалдык тармактагылар Голд-Коста Жина Стюартты өзүнүн курагынан алда канча жаш көрүнөрүн жазган.

Модель чоң эне пластикалык операция жасаган хирургдарга бир эле жолу кайрылгандыгын айткан.

"Мен көкүрөгүмдү чоңойтуу үчүн гана пластикалык хирургдардын жардамын алгам. Бырыштарды билгизбейм деп бети-башыма ар кыл уколдорду сайдырган жан эмесмин. Демек, жакшынакай эле карыса болот", — деп айткан ал The Daily Mail басылмасына. 

Эми ал баш байгеге ээ болуп, 10 миң долларлык акчалай сыйлыкты алса, аны курдашынын дарылануусуна берерин айтты. Финал келерки аптада өтөт.

Ал арада кытайлык теле алып баруучу Янг Дан "түбөлүк жаштыгы" менен интернетти дүң кылган эле. Аны сыртынан билгендер 1996-жылдан бери кебетеси эч өзгөрбөгөндүгүн айтышкан.

945
Белгилер:
сулулар сынагы, финал, Австралия
Тема боюнча
Victoria's Secret брендинин көргөзмөсүндө модель подиумдан кулап түштү. Видео
50 жашында селкидей көрүнгөн айым: уулдарымды "жигитиңби?" деп сурашат
Пикирлер