Кенч. Архивдик сүрөт

Өспүрүм Балтика көлүнөн миң жыл мурунку кенчтин табылышына себепкер болду

676
(жаңыланган 10:34 19.04.2018)
Баланын 13 жашта экени айтылды.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Онунчу кылымдын экинчи жарымына таандык болгон кенч Рюген немис аралындагы Балтика көлүнөн табылганын РИА Новости агенттиги жазды.

Ага ылайык, өткөн жумада табылган кенчтин ичинде 600дөй күмүш буюм-тайымдар бар. Арасынан тыйын, зер буюмдарды да кездештирүүгө болот.

"Табылган тыйындардын 100гө жакыны Дания менен Норвегиянын королу Харальд Iдин тушунда чегилген. Бул кенч түштүк Балтикадагы ири табылга болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта.

Ири байлыктын табылышына археология сүйүүчү менен 13 жаштагы бала себепчи болгон. Алар январь айында аталган аймактан биринчилерден болуп күмүш тыйындарды таап алышкан.

676
Белгилер:
кенч, күмүш, тыйын, Балтика
Тема боюнча
Амурда алты жашар бала 18-кылымга таандык алтын тыйындарды таап алды
Берлиндеги музейден бир миллион долларлык алтын тыйын уурдалды
Пикирлер